Алматыдағы Қырғыз елшілігі ақын Мұхтар Шахановтың қазасына қайғырып, қазақ еліне көңіл айтты, – деп хабарлайды aqshamnews.kz тілшісі.
Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун
Казакстандын жана Кыргызстандын Эл жазуучусу Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтуусу.
Кадырлуу бир тууган казак эли!
Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу көрүнүктүү казак акыны, драматург, коомдук ишмер, Казакстандын Эл жазуучусу, Кыргызстандын Эл жазуучусу Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алды.
Улуу калемгер Мухтар Шахановдун чыгармачылыгы эки элдин бир тууганчылыгын арттырууда өчпөс из калтырган руханий казына катары бааланып, убагында агабызга Кыргыз эл акыны наамы ыйгарылган.
Мухтар Шаханов агабыз белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Казакстандын Кыргызстандагы тунгуч элчиси, Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык үзөнгүлөшү, жакын досу болгон.
Мухтар агабыздын чыгармалары окурмандарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталып, адабий мурасы жашай берет деп ишенебиз.
Боордош казак элинин кайгысын тең бөлүшүү менен бирге, маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Мухтар агабыздын жанын Жараткан жаннатка берсин, жаткан жери жайлуу болсун!
Терең кайгыруу менен,
Кыргыз Республикасынын
Алматы шаарындагы Башкы консулдугу.