Қырғыз Республикасының Ұлттық жазушылар одағының мүшесі
Айтматова Роза Төреқұлқызы Мұхтар Шахановтың жылдар бойы екі халықтың арасында рухани көпір болып, шынайы елші ретінде қызмет еткенін атап өтті, – деп хабарлайды aqshamnews.kz тілшісі.
Ардактуу казак элим!
Бүгүн сиздер үчүн гана эмес, кыргыз эли үчүн да оор жоготуу болду. Бул дүйнөдөн улуу инсан, залкар акын Мухтар Шаханов өттү.
Анын эмгеги биздин алдыбызда эбегейсиз зор. Ал көп жылдар бою эки элдин ортосунда руханий көпүрө болуп, чыныгы элчи катары кызмат кылды. Ал бир гана казак элинин эмес, кыргыз элинин да урмат-сыйына татып, “Эл акыны” деген бийик наамга татыктуу болду.
Анын ички дүйнөсү терең, аң-сезими бийик, адамдык наркы улуу эле. Ал өз чыгармалары аркылуу адамзаттын абийирин ойготуп, элдин руханий дүйнөсүн байыткан акындардын бири болуп эсептелет.
Биздин үй-бүлө үчүн ал абдан жакын адам болчу. Көп жылдар бою Чынгыз Айтматов агам менен калемдеш, санаалаш, замандаш болуп, бир доордун руханий жүгүн бирге көтөрүштү. Артынан зор адабий мурас калтырды.
Анын жаркын элеси, ак сөзү жана элдерди бириктирген асыл мурасы биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.
Казак элинин азасын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
Айтматовтордун үй-бүлөсүнүн атынан,
Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Айтматова Роза Торокуловна